Змест паведамлення
🇰🇬🇹🇯Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. “Кылымдар бою бул ыйык майрам биздин элдерди анын бийик руханий баалуулуктарын – гуманизмди, сооптуу жана пайдалуу иштерди жасоого, берешендикке, адилеттүүлүккө, муктаждарга жардам берүүгө жана өз ара колдоого үндөп келет. Анын бийик руханий баалуулуктары мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана эки жактуу пайдалуу кызматташтыкты, өз ара сый-урмат жана ишенимди, тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем. Ушул майрам күндөрү Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бейпилдик, бакубатчылык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. **** 🇰🇬🇹🇯Президент Таджикистана Эмомали Рахмон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Курман айт Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Курман айт. «На протяжении веков этот священный праздник побуждает наши народы следовать его высоким духовным ценностям – гуманизму, совершению добрых и благих дел, щедрости, справедливости, помощи нуждающимся и взаимной поддержке. Убежден, что его высокие духовные ценности и впредь будут способствовать укреплению дружбы и взаимовыгодного сотрудничества, взаимного уважения и доверия, солидарности и взаимопонимания между нашими странами. В эти праздничные дни желаю Вам крепкого здоровья, счастья и успехов, а братскому народу Кыргызстана – мира и спокойствия, благополучия, устойчивого прогресса и процветания», - говорится в поздравительном послании.