Змест паведамлення
🇰🇬🇦🇿Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Курман айт майрамы менен куттуктады. “Өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош Кыргызстан элин бүткүл дүйнө мусулмандарынын руханий биримдигинин, тилектештигинин жана боордоштугунун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Орток улуттук-руханий баалуулуктар жана диний-маданий тамырлар менен байланышкан Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин бүгүнкү жогорку деңгээли канааттандырат. Бекем достукка жана боордоштукка негизделген мамлекеттер аралык алакаларды жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрөбүз деп ишенем”, - деп айтылат телеграммада. **** 🇰🇬🇦🇿Президент Азербайджана Ильхам Алиев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Курман айт Президент Азербайджанской Республики Ильхам Алиев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Курман айт. «От своего имени и от имени народа Азербайджана сердечно поздравляю Вас и братский народ Кыргызстана по случаю священного праздника Курман айт - символа духовного единства, солидарности и братства мусульман всего мира. Вызывает удовлетворение сегодняшний высокий уровень отношений между Азербайджаном и Кыргызстаном, связанными между собой общими национально-духовными ценностями и религиозно-культурными корнями. Уверен, что мы и впредь будем прилагать совместные усилия для дальнейшего укрепления межгосударственных связей и всестороннего сотрудничества, основанных на прочной дружбе и братстве», - говорится в телеграмме.