TGTGInsighttelegram intelligenceLIVE / telegram public index
Back to channels
«Азаттык» радиосу avatar

TGINSIGHT CHAT

«Азаттык» радиосу

@azattyk_radiosu

News and media

«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus

Subscribers4,240Current channel subscribers
Tracked posts1,002Indexed post count
Recent reach4,840Sum of recent post views
Recent posts

Recent posts

Page 1 of 84 · 1,002 posts

Posted Apr 11

Соңку жылдары Лондондо жашап келаткан ишкер, “АЮ" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов соцтармактардагы кезектеги билдирүүсүндө кайрадан атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын атады. Ал өзүнүн каржы боюнча өкүлү кантип 30 миллион долларлык доого жыгылганын баяндады. Соңку билдирүүсүндө Абдыкеримов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун атын атап, ишкананы рейдердик басып алуунун башталышына жол ачкан жолугушуу тууралуу айтты. Сабиров бул маалыматты дароо четке каккан эле. Бирок Абдыкеримов кайрадан жаңы пост жарыялады. @azattyk_radiosu Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуздар.👇

228 views

Posted Apr 11

НАСАнын "Артемида-2" миссиясынын астронавттары Жерге кайтты Америкалык “Орион” космос кемеси бортунда төрт астронавт менен Тынч океандын Сан-Диего жээгине ийгиликтүү конгонун НАСА кабарлады. “Артемида-2” миссиясынын алкагында астронавттар жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Айга учурулду. Америкалыктар Рид Вайсман, Кристина Кук жана Виктор Гловер, канадалык Жереми Хансен Жердин жалгыз жандоочусу болгон Айдын жанынан жакын аралыкта учуп, аны 10 күн ичинде айланып чыгышты. “53 жыл мурда адам баласы Айдан кеткен. Бул жолу биз калуу үчүн кайтып бардык. Келгиле, алар баштаган ишти аягына чыгаралы”, - деген НАСАнын жетекчи орун басары Амит Кшатрия. Астроновттар командасы тарыхта башка адамдарга караганда алда канча Жерден алыс учуп, жарым кылымдан ашык убакыт мурда “Аполлон 13” командасынын рекордун жаңыртышты.

226 views

Posted Apr 11

Орусияда Шойгунун мурдагы орун басары 19 жылга соттолду Орусияда 235-горнизондук аскер соту коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Поповду "Патриот" паркынын курулушуна байланыштуу коррупция боюнча айыптап, 19 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Мындан сырткары Поповдун генерал-полковник наамы, мамлекеттик сыйлыктары соттун чечими менен алынып, 85 млн рубл айып пул салынды. РБК басылмасы 69 жаштагы айыпталуучу соттук териштирүүгө видеобайланыш аркылуу катышканын, ден соолугуна байланыштуу өкүм окулуп жатканда ордунан турбай, отуруп турууга уруксат берилгенин жазды. Попов тагылган айыпты мойнуна алган жок. Сот отуруму жабык өттү.

309 views

Posted Apr 10

Кыргызстанда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топ кайрылуу жасаганынан туура эки ай өттү. Бул кайрылуу андан бери кыргыз саясатын аңтар-теңтер кылып өзгөртүп, ордо оюндарына себеп болду. Анын артынан башталган кадрдык өзгөртүүлөр камоолор менен коштолуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө чейин жетти. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттеги бөлүнүү тууралуу “Азаттыкка” мурда-кийин айтыла элек маалыматтарды айтып беришти.

430 views

Posted Apr 10

БШК №19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосун жокко чыгарды Борбордук шайлоо комиссиясы 10-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңешке №19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды. Жунусалиев арызын 10-апрелде жазганы белгилүү болду. 8-апрелде БШК аталган округдан шайланып келген Абдылдабек Эгембердиевди өзүнүн жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан. Ал өзү арыз жазууга эмне себеп болгонун айта элек. @azattyk_radiosu

436 views

Posted Apr 10

Алтынчы кабаттан кулап, оор абалда жаткан кыз эсине келди Бишкектин Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, ооруканада комада жаткан төрт жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу 10-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Маалыматка ылайык, кыздын абалы туруктуу, адистердин көзөмөлүндө дарылоо уланып жатат. 4-апрелде кечке жуук Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин жана эки баласы кулаган. Өзү жана 2025-жылы төрөлгөн ымыркайы ошол жерде жан берген, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген. @azattyk_radiosu

454 views

Posted Apr 10

Дагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилди Дагестанда жана Чеченстанда суу ташкындан улам федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков Махачкаладагы өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди. Суу ташкыны март айынын аягында, апрелдин башындагы нөшөр жаандан улам башталган. Өзгөчө оор абал Дагестанда. Республика 28-мартта жана 4-апрелде эки жолу суу ташкынын башынан өткөрдү, экинчи толкун кыйла кыйратып кетти. Акыркы маалыматтарга караганда, суу ташкындан алты адам набыт болду, 6200дөн ашык киши жабыркады. Сел жана жээктен ташыган дарыялар жүздөгөн үйлөрдү, жолдорду талкалады, суу булганып, ондогон адамдар электр жарыгысыз калышты. Ушул тапта Дагестанда 1091 үй, 1146 короо жана 70тен ашуун жол суу каптаган бойдон турат. @azattyk_radiosu

433 views

Posted Apr 9

Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду | Жаңылыктар | 09.04.2026 - "Кылым шамы" уюму пикир үчүн камалгандардын ишин кайра кароого чакырды. Алар алтымыштай киши тынч митингге чогулуп, соцтармактарда пикирин билдиргени же бөлүшкөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эсептеп чыкты. - Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду. Кечээки жапырт бомбалоодон бери дегенде 254 киши өлүп, миңден ашык киши жарадар болгону айтылууда. - Алайда атынып алганы айтылган жоокердин абалы оор. Окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды. https://www.youtube.com/watch?v=NoDjL09c1MA

466 views

Posted Apr 9

⚡️Эдил Байсалов кызматынан кетип жатканын айтты Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын ырастады. Бул тууралуу ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди. Байсалов…

431 views

Posted Apr 9

❗️Чек ара кызматынын жоокери, Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жатып өмүрүнө кол салды делген 22 жаштагы жигиттин абалы оор. Ал дагы эле эсине келе элек. Учурда Гүлчөдөгү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. "Жанында чогуу иштеген бир бала бар экен. Ага “бөлмөдөн баш кийимимди алып чыгып берчи” дептир. Ал бала бөлмөгө киргенде өзүн өзү атып жибергенин айтышты", - деди көзүнө жаш алып Айдарбектин таежеси Гүлбар Шермаматова. Окуя 7-апрелде болгон. Өзүн атып алганы айтылган Чек ара кызматынын жоокери, 22 жаштагы Айдарбектин абалы оор, ал эсине келе элек. @azattyk_radiosu

467 views

Posted Apr 9

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал дүйнөлүк экономикага түздөн-түз таасир этип, Кыргызстан андан четте калган жок. Импорттук күйүүчү майга көз каранды өлкөдө күйүүчү май баасы кескин жогорулашы ыктымал. Учурда дизелдик отундун баасы бир долларга жетпейт, жакын арада бир литринин баасы 1 доллар 18 центке чыгышы мүмкүн. Рынок өкүлдөрү бийликтен күйүүчү майга салыктарды жана акциздерди убактылуу алып салууну суранууда. @azattyk_radiosu Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇

460 views

Posted Apr 9

⚡️Эдил Байсалов кызматынан кетип жатканын айтты Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын ырастады. Бул тууралуу ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди. Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскерүү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи. Буга чейин Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына дайындалары тууралуу маалыматтар тараган. @azattyk_radiosu

500 views
123•••5•••10•••15•••20•••25•••30•••35•••40•••45•••50•••55•••60•••65•••70•••75•••80•••8384
PreviousPage 1 of 84Next