TGINSIGHT CHAT
SUPER.KG - Соңку кабарлар
@supperkg
News and mediaАктуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар. Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link
Соңғы хабарлар
1/85 бет · 1,019 хабар
Жарияланды 14 сәу.
😍Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобунун балдарына жолугуу үчүн Африкага жөнөп кетти. Тийиштүү видеону ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Жарияланды 14 сәу.
Аскер прокуратурасы УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Тимур Шабданбековду кармады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.
Жарияланды 14 сәу.
🔺Кечээ, 13-апрелде Бишкек шаарында Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын Т.у.К. аттуу айдоочусу аялды сүзүп кетип, жабырлануучу жакынкы медициналык мекемеге жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Жарияланды 14 сәу.
📌Кечээ, 13-апрелде Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, "Өч-2" көркөм тасмасын өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Жарияланды 14 сәу.
Вадим Такменев таланттуу балдарды Nomad TV телеканылындагы "Сен суперсиң! Кыргызстан" көрсөтүүсүнө чакырат. Катышуучулар 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар, алар турмуштук оор шарттарга карабай ырдап, кыялдарын орундатышат. Долбоор өлкөгө жаңы ысымдарды таанытып, балдарга чоң сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жөн гана сынак эмес. Бул кыял, өзүнө ишенүү жана кыйынчылыкка карабай алдыга умтулуу жөнүндө баян. Долбоорго өлкөнүн бардык аймактарынан өзүн көрсөтүүгө жана өз дараметин ишке ашырууга даяр таланттуу балдар тартылат. Кастингдин башталышын белгилүү орусиялык журналист жана көптөн бери "Сен суперсиң" шоусунун алып баруучусу Вадим Такменев билдирди. Толук маалыматты шилтемеден алсаңыз болот https://super.nomadtv.kg/
Жарияланды 14 сәу.
📌Иран Бахрейн, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиядан АКШ жана Израил менен болгон “жаңжалга шериктештиги” үчүн компенсация талап кылууда. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани билдиргенин "Tasnim" агенттиги жазды. https://www.super.kg/kabar/news/485908
Жарияланды 13 сәу.
Super.kg порталынын кезектеги жылдыздуу коногу эстрада ырчысы Талант Кадыров болду. Ал чыгармачылык тыныгуу алып, чет өлкөдө иштеп келиптир. Ырчы алдыдагы пландары тууралуу айтып, эл күтпөгөн айымдар менен дуэт ырдаарын билдирди. Эл арасында Айя Садырова менен эмнеге дуэт аткарбай калды деген суроолорго жоопту бул маектен биле аласыздар. Толугу менен маекти Super.kg Ютуб каналынан көрө аласыздар. https://youtu.be/nlVSNvpnJ7Y?si=2LFQaGRZ4DLQlGQB
Жарияланды 13 сәу.
📌Бишкек шаарында балдар арасында өткөн кунг-фу турниринде балдар арасында массалык мушташ чыкты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап жатат. https://www.super.kg/kabar/news/485884
Жарияланды 13 сәу.
Бишкек-1 станциясынын аймагында атлет Алексей Тепляшин сегиз бош жүк вагонун ордунан жылдыра алды. Бул тууралуу 13-апрелде "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. https://www.super.kg/kabar/news/485869
Жарияланды 13 сәу.
Ош облусундагы чек ара бөлүмдөрүнүн биринде кызмат өтөгөн аскер кызматкери ооруканада көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти. https://www.super.kg/kabar/news/485876
Жарияланды 13 сәу.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде мекеменин маалымат кызматы билдирди. https://www.super.kg/kabar/news/485872
Жарияланды 13 сәу.
📌Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 13-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына мандат алуу тууралуу арыз тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында кабарлады. https://www.super.kg/kabar/news/485867