TGINSIGHT CHAT
ТИМ Кыргызстан/ MFA Kyrgyzstan/ МИД Кыргызстана
@MFA_KYRGYZSTAN
ПолитикаКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий телеграм каналы Официальный телеграм-канал Министерства иностранных дел Кыргызской Республики Official Telegram channel of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic www.mfa.gov.kg
Последние посты
Стр. 1 из 84 · 1,004 постов
Опубликован 1 мая
Для получения более подробной информации необходимо обратиться в адрес Консульского департамента МИД КР по номерам: +996 703 428 865; +996 999 312 002 (WhatsApp), 0312-663-070.
Опубликован 1 мая
ℹ️Информационное сообщение МИД КР от 1 мая 2026 года Министерство сообщает, что в рамках реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 19 сентября 2024 года № 268 «О мерах по оптимизации миграционных процессов в Кыргызской Республике» Кабинетом Министров Кыргызской Республики принято постановление от 30 апреля 2026 года № 312, которым утверждено Временное положение о порядке оформления виз Кыргызской Республики, Единого разрешения для пребывания и осуществления трудовой деятельности на территории Кыргызской Республики иностранными гражданами и лицами без гражданства, а также резидент-карты Кыргызской Республики. Новый порядок направлен на дальнейшее совершенствование миграционных процедур, повышение прозрачности и удобства оформления документов для иностранных граждан и лиц без гражданства, а также усиление межведомственного взаимодействия в сфере внешней миграции. Ранее соответствующие процедуры регулировались отдельными нормативными правовыми актами, в том числе Инструкцией о порядке оформления виз Кыргызской Республики, утвержденной постановлением Правительства Кыргызской Республики от 15 марта 2017 года №155, Положением о порядке оформления разрешительных документов для пребывания и осуществления трудовой деятельности иностранных граждан и лиц без гражданства, утвержденным постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 2 декабря 2024 года №721, а также Положением о порядке оформления резидент-карты Кыргызской Республики, утвержденным постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 27 июня 2025 года №367. Принятым постановлением указанные процедуры систематизированы и объединены в рамках одного Временного положения. Это позволит обеспечить комплексное применение механизмов оформления виз, Единого разрешения и резидент-карты через портал «Электронная виза» www.evisa.e-gov.kg/. Одним из ключевых изменений является уточнение порядка оформления документов для иностранных граждан и лиц без гражданства, прибывающих в Кыргызскую Республику с целью осуществления трудовой деятельности. В соответствии с новым порядком Единое разрешение оформляется в качестве первичного документа сроком до 60 календарных дней, с последующим оформлением резидент-карты в случае необходимости дальнейшего пребывания на территории Кыргызской Республики. Кроме того, уточнены отдельные категории виз Кыргызской Республики. В частности, предусмотрены деловая и туристическая визы, конкретизирован порядок оформления специальных трудовых виз, а также введена экстренная выездная виза, оформляемая в безвозмездном порядке в случаях тяжелого заболевания либо критического состояния здоровья заявителя при наличии соответствующих подтверждающих документов. Наряду с упрощением и систематизацией процедур, новым порядком усилены требования к приглашающим сторонам и работодателям. В частности, закреплена обязанность работодателя обеспечить выезд иностранного работника с территории Кыргызской Республики в случае прекращения трудовых отношений, а также на основании представления уполномоченных органов предусмотрены дополнительные основания для включения работодателей в Реестр недобросовестных работодателей. Отдельно, с учетом поступающих обращений заявителей и приглашающих сторон, новым порядком предусмотрена возможность срочного рассмотрения заявок на оформление Единого разрешения при внесении соответствующей платы. Также пересмотрены подходы к формированию стоимости оформления разрешительных документов (выездная виза, Единое разрешение). Принятые изменения направлены на создание более понятного и удобного порядка оформления документов для иностранных граждан, повышение эффективности государственного контроля за миграционными процессами. С учетом вышеизложенного, Министерство просит принять во внимание вступившие в силу изменения при подаче заявок на оформление документов через портал «Электронная виза», предусмотренные постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2026 года № 312.
Опубликован 1 мая
Для получения более подробной информации необходимо обратиться в адрес Консульского департамента МИД КР по номерам: +996 703 428 865; +996 999 312 002 (WhatsApp), 0312-663-070.
Опубликован 1 мая
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Министрлик “Электрондук виза” порталы аркылуу документтерди тариздөөгө өтүнмөлөрдү берүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтому менен каралган өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт. Кененирээк маалымат алуу үчүн КР ТИМ Консулдук департаментинин дарегине төмөнкү номерлер менен байланышуу керек: +996 703 428 865; +996 999 312 002(WhatsApp), 0312-663-070.
Опубликован 1 мая
ℹ️КР ТИМдин 2026-жылдын 1-майына карата маалыматтык билдирүүсү Министрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы №268 “Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2026-жылдын 30-апрелинде токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартиби жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө жөнүндө Убактылуу жобо бекитилгендигин маалымдайт. Жаңы тартип миграциялык жол-жоболорду андан ары өркүндөтүүгө, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтерди тариздөөнүн ачыктыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле тышкы миграция чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. Буга чейин тиешелүү жол-жоболор айрым ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынып келген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө Нускама, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болушу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө жобо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнунда №367 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө жобо. Кабыл алынган токтом менен көрсөтүлгөн жол-жоболор системалаштырылган жана бир Убактылуу жобонун алкагында бириктирилген. Бул “Электрондук виза” www.evisa.e-gov.kg/.порталы аркылуу визаларды, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө механизмдерин комплекстүү колдонууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Негизги өзгөртүүлөрдүн бири болуп эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтерди тариздөө тартиби каралган. Жаңы тартипке ылайык Бирдиктүү уруксат баштапкы документ катары 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө таризделет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуу зарыл болгон учурда резидент-карта таризделет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын визаларынын айрым категориялары такталды. Атап айтканда, ишкердик жана туристтик визалар каралган, атайын эмгек визаларын тариздөө тартиби конкреттештирилген, ошондой эле арыз ээси катуу ооруп калганда же ден соолугуна байланыштуу оор абалда болгон учурда тиешелүү ырастоочу документтерине ылайык акысыз тартипте таризделүүчү шашылыш чыгуу визасы киргизилген. Тиешелүү процедураларды жөнөкөйлөтүү жана системалаштыруу менен катар жаңы тартип менен чакыруучу тараптарга жана иш берүүчүлөргө карата талаптар күчөтүлдү. Атап айтканда, эмгек мамилелери токтотулган учурда чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетишин камсыз кылуу иш берүүчүнүн милдети бекитилген, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын сунуштарынын негизинде иш берүүчүлөрдү ак ниетсиз иш берүүчүлөрдүн Реестрине киргизүү үчүн кошумча негиздер каралган. Арыз ээлеринин жана чакыруучу тараптардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен жаңы тартип менен тиешелүү акы төлөөдө бирдиктүү уруксатты жол-жоболоштурууга өтүнмөлөрдү шашылыш түрдө карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле, уруксат берүүчү документтерди (чыгуу визасы, бирдиктүү уруксат) тариздөөнүн наркын түзүүгө карата ченем каралды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандар үчүн документтерди тариздөөнүн кыйла түшүнүктүү жана ыңгайлуу тартибин түзүүгө, миграциялык процесстерге мамлекет тарабынан көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Опубликован 1 мая
Опубликован 30 апр.
КР ТИМдин 2026-жылдын 30-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда акыркы убакта тарап жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө байланыштуу видеоматериалдарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. Аталган видеоматериалдар ар кайсы мезгилдерде, 2025-жылы катталган айрым окуяларга тиешелүү болуп саналат. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өз убагында тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, 2026-жылдын 13–14-мартына караган түнү Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жарандык ташуучуларына таандык автобустардын айнектери белгисиз адамдар тарабынан зыянга учураган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан окуя болгон жерге чыгуу менен зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле Алматы шаарынын компетенттүү укук коргоо органдары менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, аталган укук бузуу фактысына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө туруктуу негизде иш алып барууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды жана социалдык тармактарды колдонгондорду такталбаган жана атуалдыгын жоготкон маалыматтарды жайылтуудан карманууга чакырат. Бул коомдук пикирди бурмалоого, ошондой эле кырдаалды чыңалтууга жана провокациялык аракеттердин келип чыгышына алып келиши мүмкүн. *** Информационное сообщение МИД КР от 30 апреля 2026 года Министерство иностранных дел Кыргызской Республики сообщает, что распространяемые в последнее время в социальных сетях видеоматериалы, касающиеся кыргызских перевозчиков на территории Республики Казахстан, в отношении которых в разное время фиксировались отдельные препятствующие обстоятельства и инциденты, относятся к событиям 2025 года. По данным фактам Министерством иностранных дел Кыргызской Республики и загранучреждениями была своевременно принята соответствующая работа по защите прав и законных интересов граждан Кыргызской Республики. Следует отметить, что по инциденту, произошедшему в ночь с 13 на 14 марта 2026 года в г. Алматы, в результате которого были повреждены стекла автобусов кыргызских перевозчиков, Генеральным консульством Кыргызской Республики в г. Алматы была оказана необходимая консульско-правовая помощь с выездом на место происшествия. Также проведены рабочие встречи с компетентными правоохранительными органами г. Алматы, которые осуществляют соответствующие мероприятия по установлению лиц, причастных к данному правонарушению. Министерство иностранных дел Кыргызской Республики совместно с загранучреждениями продолжает на постоянной основе осуществлять комплекс мер по защите прав и законных интересов граждан Кыргызской Республики во взаимодействии с компетентными органами Республики Казахстан. В этой связи Министерство иностранных дел Кыргызской Республики призывает граждан и пользователей социальных сетей воздерживаться от распространения непроверенной и неактуальной информации, способной привести к искажению общественного восприятия ситуации, а также к возникновению напряжённости и провокационных действий. ___________ Бизге катталыңыз / Подпишитесь / Follow us: Telegram | Instagram | LinkedIn | X (Twitter) | Facebook | YouTube
Опубликован 30 апр.
Опубликован 30 апр.
Опубликован 30 апр.
Опубликован 30 апр.
Опубликован 30 апр.
🔹Президент Садыр Жапаровго жана Того Министрлер Кеңешинин Төрагасы Эссозимна Гнассингбеге Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары көрсөтүлдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Форум Эссозимна Гнассингбеге бүгүн, 30-апрелде, кыргыз элинин салттуу ат оюндары жана мелдештери көрсөтүлдү. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өттү. Ипподромдун кире беришинде конокторду добулбастардын добушу астында жоокерлер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Программанын алкагында “Намыс” (Нарын облусу) жана “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) командаларынын катышуусунда көк бөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар болуп өттү. Андан ары “Манас” эпосунда сүрөттөлгөн байыркы “Салбуурун” оюнунун элементтери, анын ичинде алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана “Кыз куумай” улуттук оюну көрсөтүлдү. Иш-чара каскадёрлор тобунун жорго салыш, найза менен атчан чабыш жана башка ат жалындагы өнөрлөрүн көрсөтүүсү менен аяктады. **** 🔹Президенту Садыру Жапарову и Председателю Совета Министров Того Фору Эссозимна Гнассингбе продемонстрировали национальные конные игры на Иссык-Куле Президенту Кыргызской Республики Садыру Жапарову и Председателю Совета Министров Тоголезской Республики Фору Эссозимна Гнассингбе сегодня, 30 апреля, продемонстрировали традиционные виды конных игр и состязания кыргызского народа. Мероприятие состоялось на ипподроме в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области. Гостей у входа на ипподром под барабанные звуки добулбасов встретили воины и девушки в национальных костюмах. В рамках программы состоялись показательные выступления по кок-бору с участием команд «Намыс» (Нарынская область) и «Сары-Озон» (Чуйская область). Далее продемонстрированы описанные в эпосе «Манас» компоненты комплексной древней игры «Салбуурун», включающие охоту с ловчими птицами и тайганами, конную стрельбу из лука и национальную игру «Кыз-куумай». Мероприятие завершилось выступлением каскадёрской группы, представившей элементы джигитовки, поединки всадников на копьях, а также трюки с «горением» на лошадях.