TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #10100

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры1,810Количество просмотров
Опубликован17 окт.17.10.2022, 06:42
Содержимое поста

Содержимое

🔥Орусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдү. Апта аягында Москва облусуна караштуу Щелково шаарынын аскер комиссариаты өрттөлдү. "База" агенттиги маалымдагандай, белгисиз кишилер күйүүчү май куюлган эки бөтөлкөнү военкоматтын терезесинен ичкери карай ыргытышкан. Натыйжада эки иш бөлмөсү - бирөөсү архив сакталган жай жабыр тарткан. Өлкөдө жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери комиссариаттарга кол салуулар күчөдү. 16-октябрга карата 50 жерде өрттөө аракети катталган. @bashtan_bashta