TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
Содержимое поста
Содержимое
‼️Адвокат Замир Жоошев: Кемпир -Абад маселеси боюнча Равшан Жээнбеков кармалды. "Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелип, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан азыр кармалды. Аталган комитет кечээ, 22-октябр күнү, түзүлгөн. Анын мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу. Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган биринчи оппозициялык саясатчы". @bashtan_bashta