TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #10398

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры1,250Количество просмотров
Опубликован6 нояб.06.11.2022, 12:56
Содержимое поста

Содержимое

📌Бул күндөрү Кыргызстанда тарых жана Орусия империясы менен Совет бийлигинин эзүүсүнүн курмандыктарын эскерүү күндөрү белгиленүүдө. 1913-1917-жылдары 250 миңге жакын адам жалпысынан калктын 40% өлтүрүлгөн. Ал эми 30-жылдары баардык интеллигенция: 40 миңдей жаран атылып кеткен. Советтик пропаганда азыр эми орус пропагандасы баардык тарыхый окуяларды тескери буруп келет. Орустардын өзгөчө эч нерсе болбогондой түр көрсөтүү аракеттерин дагы деле көрүп жатабыз. Кыргызстан 7-8-ноябрда кандай окуяларды эскерет - кененирээк маалымат бул материалда. * Репрессияга кабылгандар тууралуу документтер дагы деле жашыруун сакталып турат. Бирок биздин команда тарыхтагы ак барактарды толтурууга аракет кылып келебиз жана да биздин ишибизге жардам берүүңүздү өтүнөбүз. Ошол каргашалуу окуялар эсинде сакталган жакындардын окуяларын угууга жана чогултуура даярбыз. Баардык билген маалыматыңыздарды биз менен бөлүшсөңүздөр ыраазы болобуз. #деколонизация#деколонизация#үркүн#ссср#репрессия#атабейит @bashtan_bashta