Содержимое
⚡ВладимирЗеленский Орусия менен сүйлөшүү үчүн беш талап койду. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен ыктымал сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүү жасап, Москва беш талапты аткарган учурда гана Киев алар менен бир үстөлгө отура турганын жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал соңку видео кайрылуусунда айтты. “Мындай сүйлөшүүлөрдү биз көп жолу сунуштадык жана ар бир жолу Орусия тараптан жаңы теракт, аткылоо же шантаж менен жооп алып жаттык. Дагы бир жолу айтам – аймактык бүтүндүгүбүздү толук калыбына келтирүү, БУУнун уставдарын сыйлоо, согуштагы бардык жоготуулардын ордун толтуруу, ар бир аскердик кылмышкерди жазалоо жана мындай нерсе кайталанбай турганына кепилдик керек. Бул толук түшүнүктүү шарттар”, – деди Владимир Зеленский. azattyk @bashtan_bashta