TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #10540

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры1,130Количество просмотров
Опубликован15 нояб.15.11.2022, 13:47
Содержимое поста

Содержимое

‼️15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү боюнча документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат - Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишти. Ал эми Эрулан Көкүлов жыйындын башында кетип калган. Депутаттар Айбек Осмонов менен Миргүл Темирбаева отурумга келген жок. @bashtan_bashta