Содержимое
📍Темировду өлкөдөн чыгарган судья Момуналиев дагы кайсы чуулгандуу иштерди караган? Адис Момуналиев бир нече чуулгандуу соттук процесстерде төрагалык кылган. Алсак, 2017-жылдын октябрь айында «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча шаардык сотто отурумду жетектеп, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду 12,5 жылга кесип, ал эми жайында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү бузуп, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны эркиндикке чыгарып жиберген. Момуналиев ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таап, бир катар активист, саясатчы, укук-коргоочуларды камакта калтырган сотто дагы төрагалык кылган. Уландысы👈 @bashtan_bashta