TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
Содержимое поста
Содержимое
Клара Сооронкуловага Фейсбуктагы билдирүүсүнөн улам жаңы айып коюлду. "Ал билдирүү Ураимовду коргоо максатында "Камасаңар баарыбызды камагыла" деген аталыштагы флеш-моб акциясы алкагында жасалган. Ал дээрлик бир жыл мурда жарыяланган жана ошондо эле Улуттук коопсуздук комитети экспертиза баштаган, бирок иш козголгон эмес. Азыр эми Кемпир-Абад ишине байланыштуу эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы билдирүүнү козгоп жатат",-деп адвокат Чынара Жакупбекова жазды. Ички иштер министрлиги Сооронкулованын адвокатынын бул билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. azattyk @bashtan_bashta