TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #11124

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры1,100Количество просмотров
Опубликован21 февр.21.02.2023, 06:51
Содержимое поста

Содержимое

Садыр Жапаров президенттердин Дубайдагы жолугушуусу 4 саатка созулганын айтты. Жапаров президенттерди чогултуунун максаты "ынтымакка алып келүү" болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, жолугушуу 4 саатка жакын созулганын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, аны алып келе турган болсо, "анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогулушмагын", "Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта олтуруш керектигин" белгилейт. “13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан. Менин жолугушуум боюнча айтсам, биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2 пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”, - деген Жапаров. azattyk @bashtan_bashta