Содержимое
📍Индия 1947-жылдан бери көз карандысыз мамлекет болгонуна карабастан, колониялык өткөндүн кесепеттери бүгүнкү күндө да адамдарга таасирин тийгизүүдө. 2020-жылга карата Индияда касталык жек көрүүчүлүк кылмыштарынын 50 291 учуру катталган. Мындай окуяларга көбүнчө мыкаачылык менен өлтүрүү, уруп-сабоо кирет. Британ империясы Индиядагы коомдун катмарланышына жана жек көрүүчүлүккө кандай салым кошо алганын жана бул бүгүнкү күндө өлкөгө кандай таасир эткени жөнүндө айтып беребиз. 📌Тарыхыбыздан ушул сыяктуу кандай мисалдарды билесиз? Материалды даярдоого жардам берген Джавахарлал Неру университетинин Саясий илимдер бөлүмүнүн магистранты Танма Даска ыраазычылык билдиребиз. Материал n-ost журналисттик тармагынын “Decolonising Journalism” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. @bashtan_bashta