TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #11303

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры3,150Количество просмотров
Опубликован4 апр.04.04.2023, 14:21
Содержимое поста

Содержимое

Кечээ, 3-апрелде социалдык тармактарда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Жунусовдун аудио сүйлөшүүсү тарады. Анда Жамалдинов айыл өкмөттөн 5 гектар өнөр жай багытындагы жерди калктуу конушка өткөрүп берүүнү талап кылган. Бул окуядан кийин айыл өкмөт башчы облус башчысынын айтканын кылбай, арыз жазып кызматынан кетип калган. Аудио сүйлөшүү социалдык тармактарга таркагандан кийин президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү комментарий берип, бул атайын каралоо максатында уюштурулуп жаткан иш деп билдирди. @bashtan_bashta