Содержимое
‼️Кыргызстандагы тажик диаспорасынын башчысы Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Тажикстандын жарандарына жана Кыргызстандагы этникалык тажиктерге карата куугунтуктоо, коркутуу, басмырлоо фактылары тууралуу билдирүүсүн четке какты. ✔️«Кыргызстанда тажик улутундагыларды эч ким кысымга албайт. L Мен Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жашайм, бул жердеги калктын 80 пайызы тажиктер. Ооба, Баткен районунун эвакуацияланган тургундарын кабыл алдык. Бирок бул өз каалобуз менен болгон. Бизди эч ким мажбурлаган жок», - деди Мавлянжан Абдураззаков. ‼️Глава таджикской диаспоры в Кыргызстане Мавлянжан Абдураззаков опроверг заявление МИДа Таджикистана о том, что якобы участились случаи притеснения, запугивания, дискриминации и преследования находящихся в КР граждан РТ и этнических таджиков. ✔️ «В Кыргызстане никто не притесняет этнических таджиков. Я живу в селе Уч-Коргон Кадамджайского района, 80 процентов населения здесь таджики. Да, мы приняли эвакуированных жителей Баткенского района. Но это было добровольно. Никто нас не заставлял», — заявил Мавлянжан Абдураззаков. Булак: 24.kg @bashtan_bashta