TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Башта
Башта avatar

TGINSIGHT POST

Post #9804

@bashtan_bashta

Башта

Просмотры2,040Количество просмотров
Опубликован23 сент.23.09.2022, 11:22
Содержимое поста

Содержимое

Кош жарандыгы барлар Орусиянын гана жараны болуп эсептелери айтылды. «Орус жарандыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 31-майындагы федералдык мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар кош жарандыгы бар экенине карабастан Орусиянын гана жараны болуп саналат. Мобилизация тууралуу жарлыкка ылайык, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө аскердик кызматка Орусиянын жарандары чакырылууда. Мобилизациялоо Орусиянын жарандарына гана тиешелүү. Ал эми Кыргызстандын жарандары чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге, куралдуу чыр-чатактарга катышса Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, жазага тартылат”. azattyk @bashtan_bashta