Содержимое
‼️Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар бүгүн 28-сентябрда да шаар борборуна чогулууда. Бул тууралуу Азаттыктын кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди. "Баткенде үч күндөн бери эл чогулуп, Камчыбек Ташиевдин бир нече суроого жооп беришин талап кылып атышат. Өзгөчө 42-протокол боюнча нааразылык күч Бүгүн күч органдарынын кызматкерлери элге “ЭСКЕРТҮҮ” деп аталган кагаз таратып, кайра чогултуп алышыптыр. Ал жерде жол тосуп же коомдук тартипти бузгандарга кандай чара көрүлө турганы жазылыптыр. Жанагы блогерлердин белин сындырган 278-берене (Массалык баш аламандыкты уюштуруу) да жазылыптыр. Чачы кыска, барсетка көтөргөн кызматкерлер болсо чогулгандарды журналисттерге каршы тукуруп атышат. Аларды пикири боюнча, журналисттер болгон сырды Тажикстанга жеткизет экенбиз". @bashtan_bashta