TGTGInsightаналитика telegramLIVE / telegram public index
← Tunduk | Новости
Tunduk | Новости avatar

TGINSIGHT POST

Post #268

@tunduk_office

Tunduk | Новости

Просмотры2,840Количество просмотров
Опубликован15 мая15.05.2024, 09:33
Содержимое поста

Содержимое

АКШнын ЕККУдагы миссиясынын өкүлдөрүнө Tunduk тууралуу маалымат берилди «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин орун басары Рахат Жусумамбетова менен АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) болгон миссиясынын саясий кызматкери Кент Маллендин жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Рахат Жусумамбетова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу жана өлкөнүн IT тармагын өнүктүрүүгө жигердүү салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Tunduk мобилдик тиркемесин ишке киргизүү жана өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүү жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин түз өз ара аракеттенүүсүн алдын алып, ошону менен коррупцияны азайтарын белгиледи. Мындан тышкары, жолугушууда «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин санариптик чечимдери, ишке киргизилген жана пландаштырылган онлайн кызматтары жана сервистери тууралуу маалымат берилди. Өз кезегинде Кент Маллен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин ортосундагы кызматташууну улантууга кызыкдар экенин ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоого макулдашышты. #tunduk#osce#usa