Содержимое
❗Электрондук документтерди алууда этият болуңуздар❗ 📱 «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жөнөтүлгөн бардык расмий маалыматтык документтер жана маалымкаттар жооптуу түрдө гана расмий электрондук даректен — [email protected] — жөнөтүлөт. «Түндүк» мамлекеттик мекемеси тарабынан жөнөтүлгөн маалымкаттарда: • 🚫 бөтөн сайттарга шилтемелер болбойт, • 📂 файлдарды жүктөп алуу талап кылынбайт, • 🔒 жеке маалыматтарды киргизүү талап кылынбайт. Бардык расмий документтер маалыматтык мүнөзгө ээ болуп, болгону тексттик маалыматты гана камтыйт. Эгер сизге шектүү шилтемелерди, файлдарды жүктөөнү же жеке маалыматтарды киргизүүнү талап кылган билдирүү келсе — 🚫 шилтемелерди баспаңыздар, тиркемелерди ачпаңыздар. 🔐 Биздин тараптан жеке маалыматтардын үчүнчү тараптарга берилиши же чыгып кетиши катталган эмес. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу — биздин негизги артыкчылыгыбыз.