TGTGInsighttelegram intelligenceLIVE / telegram public index
Арналарға оралу
«Азаттык» радиосу avatar

TGINSIGHT CHAT

«Азаттык» радиосу

@Azattyk_radiosu

News and media

«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus

Жазылушылар4,210Ағымдағы жазылушылар
Бақыланатын хабарлар1,009Индекстелген хабарлар саны
Соңғы қамту5,143Соңғы қараулардың қосындысы
Соңғы хабарлар

Соңғы хабарлар

1/85 бет · 1,009 хабар

Жарияланды 18 сәу.

Бишкекте 18-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча жакында гана акталган 27 саясатчы, активист түлөө өткөрдү. Алар мамлекеттин бүтүндүгү, сөз эркиндиги болсун, бейкүнөө абакта жаткандар акталып чыксын деген тилегин айтышты. Саясий түлөөнүн жүрүшүндө бейтарап комиссия түзүү керектиги, ишке тиешеси барларды жазага тартуу маселеси да көтөрүлдү. @azattyk_radiosu

299 views

Жарияланды 18 сәу.

Абактагы Султанбеков тергөө эрежелеринин бузулушу сотто аныкталганын билдирди "Социал-демократтар партиясынын" лидери, абакта жаткан Темирлан Султанбеков сот тергөө мыйзамды бузуп жатканын тааныганын билдирди. Бул тууралуу маалымат 18-апрелде анын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. "Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрель күнү тергөө мыйзам бузуп жатканын таанууга аргасыз болду. Темирлан Султанбековго милдеттүү процессуалдык документтер берилген эмес, анын укугу такай бузулуп келген. Жарым жыл бою күнөөсүн аз да болсо ырастаган бир да тергөө жүргөн эмес", - деп жазылды. Тергөө башталгандан бери бир да далил табылбаганы, териштирүү жүрбөгөнү, иште эч кандай жылыш болбогону белгиленди. @azattyk_radiosu

333 views

Жарияланды 18 сәу.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир ардагерине 200 миң сомдон берилет Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин сайтына 17-апрелде жарыяланды. Бир жолку материалдык жардам согуштун катышуучуларына, ошол мезгилде концлагерлер, гетто жана башка мажбурлап кармоо жайларында туткундалган балдарга, Ленинград блокадасы учурунда иштеген, «Ленинградды коргоо үчүн» медалы менен сыйланган адамдар жана Ленинград блокадасында калганы үчүн атайын төш белги менен сыйланган адамдарга берилет. Маалыматта быйылкы 200 миң сомдук жардам канча ардагерге берилери жазылган жок. Былтыр 32 ардагерге ар бирине 100 миң сомдон берилген. @azattyk_radiosu

373 views

Жарияланды 17 сәу.

Раиса Атамбаева милицияга суракка чакырылды Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу 17-апрелде кызы Алия Шагиева Инстаграм баракчасына жарыялап, себеби белгисиз экенин жазды. Анын жазганына караганда, сурак кечки саат 5ке белгиленген. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат тарата элек. @azattyk_radiosu

442 views

Жарияланды 17 сәу.

Asman Airlines Бишкек–Ош каттамындагы окуяга жооп берип, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелдеги Бишкек–Ош багытындагы MN-15 каттамындагы окуяга байланыштуу комментарий берди. Компания "учуп бара жатканда экипаж салондогу коопсуздукту камсыздоочу системанын сигнал бергенин байкаганын" билдирди. Учкуч De Havilland Canada учагынын белгиленген талаптарына ылайык тезинен чара көрүп, пландуу түрдө төмөндөй баштаганын, учакта кычкылтек баллондор жарактуу болгонун, медициналык алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттар жана дары-дармек кутучасы бар экенин билдирди. @azattyk_radiosu

452 views

Жарияланды 17 сәу.

⚡️Кемпир-Абад иши: Бишкек шаардык сотунда 27 киши акталды 27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум айыпталуучуларды актады. Мунун алдында прокурорлор ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүнүү өтүнгөн. Судьялар Адис…

439 views

Жарияланды 17 сәу.

Бишкек–Ош аба каттамындагы дүрбөлөңдүн себеби териштирилип жатат Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелде Бишкек – Ош каттамында болгон окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Бул тууралуу Asman Airlines баш ийген “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз катчысы Алена Хоменко "Азаттыкка" билдирди. Учурда учак каттамдан убактылуу алынып, адистер бардык системаны текшерип жатканы маалымдалды. "Соңку кырдаалга байланыштуу буларды айткым келет – учак ар бир каттамдын алдында техникалык талаптарга ылайык толук текшерилет. Бул авиациялык коопсуздук. Эгер учактын учуусуна уруксат берилген болсо, демек, ал бардык талаптарга жооп берген. Азыркы учурда Asman Airlines ички иликтөө жүргүзүп жатат. Ар бир майда нерсени дагы аныктап чыгышыбыз керек. Бул окуя боюнча айтылган бардык жагдайларды биз дагы текшерип жатабыз. Бортто дары-дармек кутучасы жана уруксат берилген бардык дарылар бар, алар жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына жараша берилген", - деди Хоменко.

412 views

Жарияланды 17 сәу.

The Bell Орусияда интернетти ФСБ толук көзөмөлдөп жатканын жазды Орусияда интернетке 2025-жылдын жай айларынан бери ФСБнын "конституциялык түзүлүштү коргоо" жана терроризмге каршы күрөшүү иштерине жооп берген Экинчи кызматы кураторлук кылууда. Бул тууралуу The Bell басылмасы өз булактарына таянып жазды. Басылманын IT тармагында иштеген булагы "кураторлук" кылуу кандайча ишке ашарын айтып берген. Анын айтымында, жакында Санариптик өнүктүрүү министрлигинде өткөн жыйында ФСБнын өкүлү байланыш операторлоруна жана интернет-компанияларына тапшырма берди. Алар орусиялыктардын интернетке коюлган бөгөттү айланып өтүп жаткан каражаттарына каршы күрөшүүнү колго алышы керек жана аны аткара албагандарга чара көрүлөт. "Экинчи кызмат демилгени колго алгандыктан баары өзгөрдү. Азыр алар бардык жерде, бардык чечимдерди кабыл алышат" , - деп айткан басылманын булагы. @azattyk_radiosu

426 views

Жарияланды 17 сәу.

Өзбекстан Беларустан айдоо аянттарын ижарага алууну көздөйт Өзбекстан мал чарба тармагындагы бир нече долбоорду ишке ашыруу максатында Беларустан айдоо аянттарын узак мөөнөткө ижарага алууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Дунё» кабар агенттиги жазды. Тиешелүү келишимге Кашкадарья облусунун делегациясынын Беларуска сапары учурунда жетишилди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Asl Yuksalish Savdo, Muborak qorako‘lchilik жана беларустук «Сиротинский» фермасы орток долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашы. Ага ылайык, өзбек тарап 4 миңдей гектар айдоо аянтын ижарага алмакчы. @azattyk_radiosu

470 views

Жарияланды 16 сәу.

Түркия: мектепте ок атылып, 8 окуучу набыт болду | Жаңылыктар | 15.04.2026 - Түркияда лицейде жана мектепте ок атылды. Кол салуудан тогуз киши мерт болуп, 13ү жарат алды. 20 дай киши жабыркады. - Вашингтондо АКШ-Борбор Азия сүйлөшүүсү өттү. Анын алкагында Адылбек Касымалиев менен Марко Рубио Америка - Кыргызстан алакасын өнүктүрүүнү талкуулашты. - Бишкектеги №21 шайлоо округунан бошогон мандат Мирлан Жээнчороевге тийди. Чыңгыз Айдарбеков талапкерликтен баш тартты. https://www.youtube.com/watch?v=6BDtRg0G4ic

523 views

Жарияланды 16 сәу.

❗️БШК Мирлан Жээнчороевге депутаттык мандат берди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-апрелдеги отурумунда Бишкектеги №21 округдан бошогон мандатты Мирлан Жээнчороевге берди. Ушул эле күнү Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин алуу боюнча арыз жазып, Боршайком аны канааттандырган. 46 жаштагы Мирлан Жээнчороев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган. 2002-жылы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2012-жылы “Республика” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. 2015-жылы “Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. @azattyk_radiosu

498 views

Жарияланды 16 сәу.

Өзгөндө дагы бир кыздын сөөгү асынган абалда табылды Ош облусунун Өзгөн районунда 15 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул факты 14-апрелде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөө жүрүп жатат. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере элек. 12-апрелде эле Өзгөндө 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылган. @azattyk_radiosu

476 views
123•••5•••10•••15•••20•••25•••30•••35•••40•••45•••50•••55•••60•••65•••70•••75•••80•••8485
Алдыңғы1/85 бетКелесі