TGINSIGHT CHAT
Башта
@bashtan_bashta
ОбразованиеЖарандык агартуу. Өзүңдөн башта. Баштан башта Гражданское просвещение. Начни с себя. Баштан башта Присылайте свои новости, фото и видео на
Последние посты
Стр. 63 из 84 · 1,005 постов
Опубликован 23 окт.
Активист Атай Бейшенбек милиция кызматкерлери келгенин жазды. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
❗Эртең Бишкекте Кемпир-Абадды берүүгө каршы жана активисттерди куугунтуктоого каршы митинг өтөөрү айтылды. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
⚡Депутат Тазабек Икрамов оппозициялык саясатчылардын үйүн тинтүүнү демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу деп эсептейт. ⚡Депутат Тазабек Икрамов считает обыски у оппозиционных политиков нарушением фундаментальных ценностей демократии. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
‼️Адвокат Замир Жоошев: Кемпир -Абад маселеси боюнча Равшан Жээнбеков кармалды. "Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелип, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан азыр кармалды. Аталган комитет кечээ, 22-октябр күнү, түзүлгөн. Анын мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу. Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган биринчи оппозициялык саясатчы". @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
Активист Атай Бейшенбек милиция кызматкерлери келгенин жазды. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
‼️ Милиция журналист Канышай Мамыркулованы суракка чакырды. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
⚡Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын активисттердин, саясатчылардын тинтүүгө алынып массалык түрдө кармалуусу тууралуу пикири. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
❗️ Задержание членов комитета по защите Кемпир-Абада ❗️ Где сейчас находятся задержанные: 1. Сооронкулова Клара - Первомайский РОВД 2. Карасартова Рита - Свердловский РОВД 3. Чынарбек уулу Шабдан (Али Шабдан) - Первомайский РОВД 4. Бекчоро уулу Эрлан - Ленинский РОВД 5. Молдокматов Жениш - Октябрьский РОВД 6. Бекназаров Азимбек - ГСУ МВД 7. Джээнбеков Равшан - ГУВД г.Бишкек 8. Суранова Перизат - ГСУ МВД 9. Акматов Айданбек - ГУВД г.Бишкек 10. Сасыкбаева Асия - Аламединский РОВД 11. Дуйшебаев Кенешбек - Ленинский РОВД 12. Мадеминов Таалай - ГУВД г.Бишкек 13. Асанбеков Нурлан - ГУВД г.Бишкек 14. Капаров Чынгыз - Свердловский РОВД. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
‼️Граждандык контроль комитетин Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрү тинтүүгө жана камакка алынышы тынчсыздандырат. 2022-жылдын 22-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда 2022-жылдын 15-октябрында кабыл алынган токтомдун негизинде Кемпир…
Опубликован 23 окт.
‼️Граждандык контроль комитетин Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрү тинтүүгө жана камакка алынышы тынчсыздандырат. 2022-жылдын 22-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда 2022-жылдын 15-октябрында кабыл алынган токтомдун негизинде Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин курамына бир катар укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер жана кызыкдар жарандар кирди. Комитеттин курамы: • Конституциялык соттун экс-мүчөсү Клара Сооронкулова; • укук коргоочу Рита Карасартова; • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева; • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева; • Оштук активист Гүлгакы Мамасалиева; • жарандык активист Перизат Суранова; • экс-депутат Ыргал Кадыралиева; • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева; • саясатчы Равшан Жээнбеков; • Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев; • Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бектур Асанов; • экс-депутат Кубанычбек Кадыров; • активист Жеңиш Молдокматов; • экс-депутат Канат Исаев; • Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев; • Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров; • депутат Исхак Масалиев; • Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаров; • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мамбетжунус Абылов; • экс-депутат Орозайым Нарматова жана башкалар. Эртеси, 2022-жылдын 23-октябрында, жекшемби күнү таң эрте Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Равшан Джеенбеков, Эрлан Жээнчороев, Перизат Суранова, Али Шабдан жана башкалардын батирлеринде дана үйлөрундө укук коргоо органдары массалык тинтүү иштерин жүргүздү. Тинтүү иштери ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору У.Жапеков кол койгон тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомдун негизинде жүргүзүлгөн. Анда «КР Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, кылмыш жасоого даярдануу - атап айтканда, кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча - зордук-зомбулук, погромдор, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү». Белгилей кетсек, тинтүү тергөө судьясынын санкциясысыз жүргүзүлгөн. Бийликтин бул аракеттерин биз Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерине сын жана тынчсыздануусун билдирген жарандарды ачык куугунтуктоо жана коркутуу катары баалайбыз. Ушуга байланыштуу Граждандык контроль комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан төмөндөгүлөрдүу талап кылат: • Куугунтуктарды жана кысымдарды, анын ичинде укук коргоочуларга жана жарандык активисттерге алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иштерин тез арада токтотуу. Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн мыйзамдуу жарандык позициясын билдирген жарандарды куугунтуктоо токтоосуз түрдө токтотулсун. • Бардык саясий туткундарды дароо бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу. • Адам укуктарынын мыйзамдуу ишмердигине кийлигишпөө кепилдиктерин берүү, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди дискредитациялоо кампаниясын токтотуу. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
❗Милиция үйү тинтүүгө алынган активист Гульнара Джурабаеванын баласынын буюмдарын алып кетүүдө. @bashtan_bashta
Опубликован 23 окт.
❗Милиция саясатчы Равшан Жээнбековду шаардык ички иштер башкы башкармалыгына алып барды. @bashtan_bashta